• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Эртең “Унаа” мекемесинин бардык бөлүмдөрү кадимки тартипте иштейт

Коом 0

Бишкек, 24.03.23. /Кабар/. Эртең, 25-мартта “Унаа” мамлекеттик мекемесинин бардык бөлүмдөрү жана секторлору кадимки тартипте иштейт.

Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин 6-январдагы иш күнүн 25-мартка жылдыруу чечими кабыл алынган.

“Ошону менен бирге, ар дем алыш күндөрү мекеменин Бишкек шаардык бөлүмү, Батыш бөлүмү, Регион аралык бөлүмү, Жалал-Абад региондук бөлүмү, Ош региондук бөлүмү да штаттык режимде иштеп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Мекемеден белгилешкендей, жарандар жашаган жана катталган жерине карабастан “Унаа” ММнин каалаган бөлүмүндө/секторунда транспорт каражатын каттай же кайра каттата алат.

Пикир

Оставить комментарий