Бишкек, 30.12.24. /Кабар/. Кыргызстан менен Россиянын диний чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиядан маалымдашкандай, комиссиянын директору Азамат Юсупов Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Сергей Храмов жана Орус православ чиркөөсүнүн епархиялык башкармалыгынын катчысы, протоиерей Игорь Дронов менен жолугушту.
Анда тараптар эки өлкөнүн диний чөйрөдө тажрыйба алмашуусун жана эмгек мигранттарынын арасында профилактикалык иштер боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүү зарылдыгын белгилешти.
Пикир
Оставить комментарий