• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

18-мартка карата күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору бүгүн, 18-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +14…+19, Талас облусунда +13…+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көл облусунда +5…+10, Нарын облусунда 0…+5 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында абанын табы +16…+18 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий