Кыргызстан менен Россиянын ИИМ башчылары кызматташуу маселелерин талкуулады

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Күн мурун Кыргызстандын ички иштер министри Улан Ниязбеков Москва шаарында россиялык кесиптеши Владимир Колокольцев менен жолукту.

ИИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Улан Ниязбеков өлкөлөр ортосундагы ички иштер жаатындагы кызматташтык өз ара сый-урматка жана өз ара түшүнүшүүгө негизделген достук жана кызматташтыктын узак тарыхына ээ экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Ниязбеков Россиянын ички иштер министрлигинин жогорку окуу жайлары КР ИИМдин кадрлары үчүн эң алдыңкы окуу жайлардын бири экендигин айтып, жыл сайын ар кыл тармактагы даяр адистер менен кадрдык жөндөмдүүлүгүн толуктап тургандыгын белгиледи.

Ошондой эле укук коргоо органдарынын башчылары КМШ алкагында кызматташуунун эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарын жакшыртуу маселелерин талкуулашты.

Ниязбеков сөзүн жыйынтыктап жатып КР ИИМи кызматташтыкты мындан ары бекемдөөгө жана ишмердүүлүктүн бардык багыттары боюнча тыгыз өз ара аракеттенишүүнү улантууга даяр деп ишендирди.

Өз кезегинде Владимир Колокольцев элдерибиздин бейпилдигин камсыздоого өбөлгө түзө турган жемиштүү кызматташтыкты улантууга даяр экендигин тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий