• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылына даярдык көрүү чаралары талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 24.01.20./Кабар/. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылына даярдык көрүүнүн алкагында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрдин жетекчилиги менен өткөн жыйынга профилдик департаменттердин жана министрликке караштуу бардык мекемелердин жетекчилери катышты.

Министр жыйындын жүрүшүндө бүгүнкү күндө биз бул жылды өткөрүүгө активдүү даярданышыбыз керек, - деп баса белгиледи.

"Эриш аркак жылды уюштуруп өткөрүү үчүн бардык тиешелүү министрликтердин жетекчилеринен турган атайын уюштуруу комитети түзүлдү. Белгилей кетчү нерсе, иш-чаралар планынын 70%дан ашыгы маданий- гуманитардык багытты камтыган. Ушуга байланыштуу биз планда каралган бардык иш-чараларды эң жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз керек”, - деп белгиледи.

Жылдын программасына көргөзмөлөр, эки тараптуу концерттер, театр гастролдору, мастер-класстар жана кино көргөзүүлөр кирет. Жыйындын катышуучулары кызыктар маданий мекемелер бардык пункттарды дыкат иштеп чыгып, сунуштарды берүүнү макулдашышты.

Белгилей кетсек, 2020-жыл – Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылы. Анын алкагында саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык багыттагы 100гө жакын иш-чара пландалган.

Пикир

Оставить комментарий