• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кыргызстан менен Россиянын Соода-өнөр жай палаталарынын кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 20.02.24. /Кабар/. КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев россиялык кесиптеши Сергей Катырин менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.

КР СӨПтөн билдиришкендей, Темир Сариев россиялык ишкерлерди тартуу менен жылдын ортосунда Ысык-Көлдө бизнес-форум өткөрүү ниетин билдирди. Ал Россиянын Чыгышка бурулушунун шартында Кыргызстандын транзиттик өлкө катары ролун баса белгилеп, Евразия экономикалык биримдигинин рыногун кеңейтүүгө чакырды. Россиянын банктарын эки тараптуу экономикалык кызматташтыкка тартуу маселеси каралды.

РФ Соода-өнөр жай палатасынын президенти билдиргендей, Россия ушул жылдын март айында КМШга мүчө мамлекеттердин палата жетекчилеринин кеңешинин жыйынын Москвада өткөрүүнү пландап жатат.

Ошондой эле Катырин Кыргызстандын "Продэкспо" көргөзмөсүнө катышуусун баса белгилеп, өлкөнүн стендинде Жалал-Абад облусунан келген жаңгак продукцияларынын презентациясы көрсөтүлдү.

Жолугушууда Россия тарап Кыргызстанды "металл иштетүү" көргөзмөсүнө катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий