• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Сауд Аравиянын медицина тармагындагы кызматташтыгы талкууланды

Ден соолук 0

Бишкек, 06.11.24. /Кабар/. 3-ноябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстандын элчиси Улукбек Марипов Сауд Аравия Падышалыгынын саламаттык сактоо министри Фахд бин Абдулрахман Аль-Жалажил менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан маалымдашкандай, жолугушууда тараптар ар түрдүү тармактарда кыргыз-сауд мамилелеринин жогорку деңгээлин жана өсүп жаткан динамикасын канааттануу менен белгилеп, саламаттыкты сактоо жана медицина тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкөнүн саламаттык сактоо министрликтеринин ортосунда алардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө көмөктөшүүчү тиешелүү меморандумду түзүүгө, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого жана саламаттыкты сактоо тармагында тажрыйба алмашууга өзгөчө көңүл бурушту.

Жыйынтыгында тараптар дайыма байланышта болуп, эки тараптуу байланыштарды мындан ары да чыңдоого макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий