Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын диппаспорт ээлери үчүн виза режими жоюлат

Президент 0

Бишкек, 19.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “2024-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Сауд Аравия Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн гана) жана дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин (Сауд Аравия Падышалыгынын жарандары үчүн гана) кыска мөөнөттүү болуу үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо жөнүндө” КР мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2024-жылдын 15-майында КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамга ылайык 2024-жылдын 7-мартында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Сауд Аравия Падышалыгынын өкмөтүнүн ортосундагы Дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлерин (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн гана) жана дипломатиялык жана атайын паспорттордун ээлерин (Сауд Аравия Падышалыгынын жарандары үчүн гана) кыска мөөнөттүү болуу үчүн визалык талаптардан өз ара бошотуу жөнүндө өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумду ратификациялоо каралат.

Аталган Меморандум ар бир тараптын жарандары жарактуу дипломатиялык же кызматтык паспортту (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн гана) жана дипломатиялык же атайын паспортту (Сауд Аравия Падышалыгынын жарандары үчүн гана) көрсөтүүдө экинчи тараптын аймагына биринчи кирген күндөн тартып каалагандай 180 күндүн ичинде 90 күндөн ашпаган үзгүлтүксүз же бир нече жолу жүрүү мөөнөтүнө визасыз кире алуусун (миссия менен же жеке тартипте) карайт.

Меморандумду ратификациялоо ишкердиктин мобилдүүлүгүн өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана жарандардын - дипломатиялык, кызматтык жана атайын паспорттордун ээлеринин Меморандумдун тараптарынын мамлекеттеринин аймагында жүрүүсүн жеңилдетет.

Пикир

Оставить комментарий