• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Кыргызстан менен Сент-Китс жана Невистин ТИМ башчылары кызматташтыкты талкуулады

Саясат 0

Бишкек, 26.09.24. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министр Жээнбек Кулубаев Сент-Китс жана Невистин тышкы иштер министри Дензил Дуглас менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуу23-сентябрында Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 79-сессиясынын алкагында болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана инвестициялык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын көп векторлуу жана ачык тышкы саясатын белгилеп, Кыргызстандын Кариб деңизинин жана Латын Америкасынын дос арал мамлекеттери менен мамилелерин өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү максатында Жээнбек Кулубаев эки өлкөнүн расмий делегацияларынын өз ара иш сапарларын уюштурууну сунуштады.

Ошондой эле Кулубаев 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлиги тууралуу маалымат берип, бул талапкерди колдоо өтүнүчү менен кайрылды.

Пикир

Оставить комментарий