• 87
  • 90.64
  • 0.85

Кыргызстан менен Түркия диний чөйрөдөгү маселелерди чечүүдө кызматташтыгын күчөтөт

Коом 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Азамат Юсупов Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин дин иштери боюнча кеңешчиси Салих Сезик менен жолугушту.

Мамлекеттик комиссиядан билдиришкендей, жолугушуу учурунда тараптар эки өлкөнүн көп жылдык достугуна токтолуп, диний чөйрөдө тажрыйба алмашуу боюнча биргелешкен иштерди жүргүзүүнүн зарылдыгын белгилешти.

Жолугушуунун аягында тараптар диний чөйрөдөгү маселелерди чечүүдө өз ара кызматташтыкты күчөтүү боюнча макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий