• 84.56
  • 94.24
  • 0.93

Кыргызстан менен Түркиянын илимий-изилдөө жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 21.08.24. /Кабар/. Кыргызстандын элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин Стратегиялык изилдөөлөр борборунун директору Полат Сафи менен жолугушту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Түркиянын илимий-изилдөө жана аналитикалык борборлорунун ортосундагы тышкы саясаттын илимий жана интеллектуалдык маселелерин болжолдоо жана талдоо жаатындагы кызматташуу, анын ичинде 2015-жылы кол коюлган меморандумдун негизинде тараптардын дипломатиялык академиялары боюнча маселелери кеңири талкууланды.

Тийиштүү аналитикалык-изилдөө борборлордун ортосундагы практикалык өз ара аракеттенүү маселелерине, анын ичинде эки өлкөнүн профессорлорунун, академиктеринин, көз карандысыз эксперттеринин катышуусу менен илимий-практикалык конференция форматындагы иш-чараларды, панелдик дискуссияларды үзгүлтүксүз түрдө өткөрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Ошондой эле Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын эске алуу менен бирге, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча изилдөөчүлөрдүн, тышкы саясат жаатындагы эксперттердин жана мурдагы элчилердин катышуусунда биргелешкен иш-чараларды өткөрүү боюнча макулдашуулар жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий