• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Кыргызстан менен Түркиянын консулдук чөйрөдөгү кызматташтыгы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 20.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Түркиянын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Догукан Озеги менен жолугушту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө консулдук чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча толук пикир алмашуу болуп, ошондой эле эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун ортосундагы консулдук консультациялардын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу талкууланды.

Муну менен катар, эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, алардын тараптардын аймагында болуусу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды.

Атап айтканда, кыргыз тарап Түркияда жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн жашоого уруксат алуу шарттарын либералдаштыруу маселесинин маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча тыгыз байланышты улантуу тууралуу макулдашышты.

Пикир

Оставить комментарий