Кыргызстан менен Тажикстан чек ара боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин жандантат

Саясат 0

Бишкек, 29.01.22. /Кабар/. Кыргызстан менен Тажикстандын УКМК башчылары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов бүгүн Баткен облусунда эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Ташиев менен Ятимов жолугушуудан соң журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин тез аранын ичинде жандантуу чечими кабыл алынгандыгын билдирди. Анын айтуусуна караганда, өкмөттөр аралык комиссиянын иши мындан эки ай мурун токтоп калган.

"Бул багытта иштер ар дайымкы тартипте эки мамлекеттин протоколдорунун жана кызыкчылыктарын негизинде жүргүзүлмөкчү. Эч кандай документке кол койбогонубузга карабай, айткан сөздөрүбүз аткарылат", - деди Ташиев.

Пикир

Оставить комментарий