• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Кыргызстан менен Улуу Британиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды

Коом 0

Бишкек, 23.01.25. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолугушту.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы билим берүү байланыштарын бекемдөө боюнча мүмкүн болгон кадамдарды талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи министрге VSО эл аралык ыктыярчылар уюмунун өкүлдөрүн тааныштырды. Өз кезегинде алар аталган уюмдун ишмердүүлүгү жана эл аралык аренада билим берүү тармагындагы жетишкендиктери тууралуу маалымат беришти.

Талкуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда англис тилин үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн, англис тилин билүү келечек муундар үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берерин баса белгилешти.

VSOнун өкүлдөрү өздөрүнүн ыктыярчылары англис тилинин кесипкөй мугалимдери экенин, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен кызматташууга даяр экенин билдиришти.

Жолугушууда англис тили мугалимдерине гана эмес, STEM сабактарынын (илим, технология, инженерия, математика) мугалимдерине да колдоо көрсөтүү маселеси көтөрүлдү.

Доктургүл Кендирбаева Билим берүү жана илим министрлиги өлкөнүн билим берүү потенциалын өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди жогору баалай тургандыгын, элчи ге жана аталган уюмга бул процесске көмөктөшүүгө даяр экендиги үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Боулер министрди ушул жылдын май айында Улуу Британияда өтө турган Бүткүл дүйнөлүк билим берүү форумуна катышууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий