• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстан менен Өзбекстан аймактар аралык кызматташтыкты кеңейтүүдө

Коом 0

Ташкент, 19.01.25. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстандын Lumiflex ишканасынын өкүлдөрү Кыргызстандын аймактарында жумушчу сапары менен болушту, деп билдирет "Дунё" маалымат агенттиги.

"Сапардын негизги максаты соода-экономикалык байланыштарды мындан ары активдештирүү жана өзбек өндүрүүчүлөрүнүн чет өлкөлөргө экспортунун көлөмүн көбөйтүү боюнча иштерди улантуу болду", - деп айтылат кабарда.

Иш сапардын алкагында Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы бир катар жергиликтүү ишканалардын өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты түзүүнүн олуттуу маселелери талкууланды.

Жолугушуулардын жыйынтыгында аталган ишканалар менен жалпысынан дээрлик 1 млн доллар көлөмүндө эки тараптуу келишимдерди түзүүгө макулдашылды.

Жакында Кыргызстандын ишканаларынын жетекчилери жана өкүлдөрү Ташкентке келип, келишимге кол коюу аземи болот.

Эскерте кетсек, Lumiflex ЖЧКсы 2020-жылы Ташкентте түзүлгөн. Негизги ишмердүүлүгү ар кандай буюмдарды таңгактоочу материалдарды өндүрүү. Испания технологиясы менен жабдууланган бул ишкана Борбор Азияда өз тармагындагы жалгыз ишкана болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий