• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстан менен Өзбекстандын дин багытында чогуу жасай турган иштери арбын – Ажимаматов

Коом 0

Ташкент, 17.10.24. /Төлөнбай Курбанов – Кабар/. Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда дин багытында чогуу жасай турган иштери аябай көп. Бул тууралуу ОшМУнун теология факультетинин деканы, профессор Зайлабиддин Ажимаматов Ташкентте өткөн "Ислам – тынчтык жана жакшылыктын дини" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында "Кабар" агенттигинин кабарчысына берген чакан маегинде билдирди.

Ажимаматовтун айтымында, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен байыркы Ташкент жана Хива шаарларында өтүп жаткан бул конференция жалпы ислам ааламы үчүн чоӊ мааниге ээ. Иш-чара диний жетекчилердин, окумуштуулардын жана коомдук ишмерлердин өз ара аракеттенүүсү үчүн шарт түзүп, дүйнөлүк дин болгон исламдагы боорукердик жана толеранттуулук, кээ бир топтордун аракеттеринен улам учурда кездешип жаткан диний радикализм жана экстремизмге каршы күрөшүү максатын көздөйт.

“Азыркы учурда Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстанда дин жаатында орток саясат жүрүп жатат, ханафийлик, мотуридийлик багыттарындагы маселелерге жалпы көз караш байкалат. Аалымдарыбыз жана ислам таануучуларыбыздын орто кылымда калыптанган бай илимий диний мурастарды изилдөө, китептерди араб жана башка тилдерден жергиликтүү тилдерге которуу боюнча да чогуу аракеттери учурдын эӊ олуттуу маселелеринен", - деди ал.

Ал белгилегендей, бул багытта Ош Мамлекеттик университети менен Өзбекстан эларлык Ислам академиясынын ортосунда 2023 жылы октябрь айында өз ара кызматташтык тууралуу келишимге кол коюлган. Келишимге ылайык, ОшМУнун теология факультети менен Ислам академиясынын алдындагы имам Мотуридий атындагы илимий-изилдөө борбору ортосунда тыгыз байланыш түзүлгөн.

"Тактап айтканда, кыргыз жана өзбек ислам таануучулары орто кылымдардан бери учурдагы Өзбекстан гана эмес, ошондой эле Кыргызстан аймагында да жашап өткөн диний аалымдардын илимий мурастарын үйрөнүү, аларды изилдөө, диний китептерди өзбек жана кыргыз тилдерине которууга жигердүү салым кошуп келүүдө.

Мындан сырткары, эки тараптуу кызматташтык теология багытында жогорку билимдүү, дүйнөлүк денгээлдеги кадрларды даярдоону да камтыйт. Жакын аралыктарда эки мамлекеттин жогорку диний окуу жайларында студенттерди алмашуу, магистратура, PhD, докторантура багыттарында өз ара кызматташуу жолго коюлмакчы", - деди Ажимаматов.

Пикир

Оставить комментарий