• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Көпчүлүк аймактарда кар жаайт. 26-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

Коом 0

Бишкек, 26.01.24. /Кабар/. Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 26-январда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Талас облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз -3…+2, Талас облусунда -4…+1 градус жылуу болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз +1…+6 градус, Нарын облусунда 0…-5 градус суук болушу ыктымал.

Өлкөнүн түштүгүндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгу абанын табы +3…+8 градус болот.

Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Термометрдин көрсөткүчү 0…-2 градуска жетет.

Пикир

Оставить комментарий