• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстан менен Өзбекстандын маданий кызматташтыгы талкууланды

Маданият 0

Бишкек, 16.12.24. /Кабар/. Бүгүн маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков менен жолугушту.

Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушууда маданий кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча негизги багыттар талкууланды.

Алтынбек Максүтов Озодбек Назарбековду КР Эл артисти наамына ээ болгону менен куттуктап, бул эки өлкөнүн ортосундагы достук жана маданий байланыштардын бекемдигин көрсөткүчү экенин белгиледи.

Министрлер, кинематография тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин карап чыгып, бул жаатта эки элдин маданий алакаларын чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти. Айрыкча, кыргыз тасмасы "Бейиш эненин таманында" Өзбекстанда чоң кызыгуу жаратып, көрүүчүлөрдүн жылуу кабыл алгандыгы өзгөчө белгиленди.

Ошондой эле жолугушууда байыркы шаарларды реконструкциялоо, театрлар менен китепканаларды өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу маселелери каралды. Бул багыттар эки өлкөнүн маданий кызматташуусундагы негизги приоритеттердин бири катары бааланды.

Жолугушуунун маанилүү жыйынтыктарынын бири – 2025-жылы Кыргызстанда Өзбекстандын маданият күндөрүн өткөрүү боюнча макулдашуулар болду. Бул иш-чара эки элдин маданий жакындыгын бекемдеп, бай мурастарын жайылтууга өбөлгө түзмөкчү.

Пикир

Оставить комментарий