• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 9 айда дээрлик $600 млн түздү

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 21.10.24. /Кабар/. 2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 587,5 миллион долларды түздү. Мындай маалымат Өзбекстандын президентине караштуу Статистика агенттигинин сайтында жайгаштырылды.

Анын ичинен Өзбекстандан экспорттоо 403 миллион долларды түзсө, ал эми Кыргызстандан импорттоо 185 миллион долларды түздү.

Өткөн жылдын 9 айында Өзбекстандын товар жүгүртүүсү 753,8 миллион долларды түзсө, анын ичинен Өзбекстандан экспорттоо 537 миллион долларды, ал эми Кыргызстандан импорттоо 216,3 миллион долларды түзгөн.

Ошондой эле үстүбүздөгү жылдын 9 айында Өзбекстандын тышкы соода жүгүртүүсү 48,2 миллиард долларга жетти, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,5 миллиард долларга же 7,7%га көп.

Өзбекстандын экспорту 11,5%га өсүп, 19,7 млрд долларды түздү. Импорт дагы 5,2%га өсүп, 28,4 млрд долларды түздү.

Бүгүнкү күндө Өзбекстан дүйнөнүн 190 өлкөсү менен соода алакасын жүргүзүп келет.
Тышкы соода жүгүртүүнүн эң чоң көлөмү Кытай (18,7%), Россия (18,0%), Казакстан (6,2%), Түркия (4,5%) жана Корея (3,1%) менен катталган.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-19-июлунда Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкөнүн лидерлери соода жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүү максатын белгилешкен.

Пикир

Оставить комментарий