• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Тажикстандын мектептеринде бүтүрүү сынактары болбойт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 05.06.20. /Кабар/. COVID-19 инфекциясына байланыштуу Тажикстандагы мектептерде бүтүрүү сынактары болбойт. Мындай чечимди Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабыл алды.

Чечимге ылайык, 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү аттестатты жылдык баалардын негизинде алышат. Ошол эле маалда алтын жана күмүш медалдарды алуу үчүн сынактардын шарттары мурдагы бойдон калат. Бул медалдар жогорку окуу жайларына тапшырууда бүтүрүүчүлөргө бир катар жеңилдиктерди берет.

Тажикстанда мектеп окуучулары аралыктан окуган жок. Окуучулар кийинки класстарга апрель айына чейин алган бааларынын негизинде көчүрүлөт.

Быйыл Тажикстанда 11-классты 123 миң, 9-классты 162 миң окуучу аяктайт. Жогорку окуу жайларга тапшыруу сынактары 11-июлда башталат.

Пикир

Оставить комментарий