• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Кыргызстан Москвада өтө турган "Евразия" эл аралык кинофестивалына катышат

Маданият 0

Бишкек, 17.10.24. /Акназик Тургунбаева - Кабар/. Москва щаарында 18-21-октябрь күндөрү биринчи жолу “Евразия” эл аралык кинофестивалы өтөт. Бул тууралуу кинофестивалдын президенти, кинорежиссер Тигран Кеосаян маалымат жыйынында билдирди.

Аталган кинофестивалга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Индия, Казакстан, Кытай, Молдова, Россия, Тажикстан, Өзбекстан жана башка өлкөлөрдөн 250дөн ашык кино тармагынын адистери катышат.

Фестивалдын негизги максаты – көрүүчүлөрдүн өз өлкөсүнүн тарыхына жана салттарына болгон кызыгуусун ойготуу, таланттуу режиссерлорду аныктоо жана мыкты тасмаларды колдоо.

Сынактын программасына 50дөн ашык толук метраждуу жана кыска метраждуу көркөм жана даректүү тасмалар киргизилген. Жеңүүчүлөр 12 номинация боюнча аныкталып, сыйлыктар жабылыш аземинде тапшырылат.

Мындан сырткары, фестивалдын жүрүшүндө катышуучулар кино көрсөтүүлөрдү, чыгармачылык жана ишкердик жолугушууларды, мастер-класстарды, тегерек столдорду өткөрүшүп, советтик жана Россиянын эмгек сицирген артисттери менен, ошондой эле Евразия өлкөлөрүнүн популярдуу артисттери менен тааныша алышат.

Пикир

Оставить комментарий