• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте “Кыргыздар” аттуу тарыхый 40 томдук китептин бет ачары өттү

Маданият 0

Бишкек, 21.12.23. /Айпери Кожоева – Кабар/. Бишкекте “Кыргыздар” аттуу тарыхый 40 томдук китептин бет ачары өттү. Анын авторлору Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов жана саясат таануу илимдеринин доктору Каныбек Иманалиев.

40 томдукта байыркы замандан бүгүнкү күнгө чейинки кыргыз элинин тарыхы, салт-санаасы, санжыра, рухий маданияты жана башка көптөгөн тарыхый маалыматтар камтылган.

Эмгектин бет ачары Улуттук тарых музейинде өтүп, ага Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Каныбек Осмоналиев, президенттин кеңешчиси Медетбек Букуев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жазуучулар, тарыхчылар, көрүнүктүү коомдук ишмерлер жана жогорку окуу жайдын студенттери катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик катчы сөз сүйлөп, тарыхый китептин жаратуучуларына алкыш айтты.

Авторлордун бири Кеңеш Жусупов китептин басылып чыгышына колдоо көрсөткөндүгү үчүн президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди.

Ал эми Каныбек Иманалиев китеп бүгүнкү күндүн жалпы руханий казынасын бекитип турарын айтып, анын маани-мазмунуна токтолду.

“Алгач китептин 14 томдугу, андан соң 20 томдугу жарык көргөн. Анын башында Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов турган. Китеп 30 миңдей барактан, 9 млн сөздөн турат. Анын ичинде 1 миңден ашык автор бар. Тилекке каршы, алардын дээрлик 98%нын көзү өтүп кеткен. Келечекте китептин 50 томдугу да чыгат деген ишенимдемин", - деп баса белгиледи Иманалиев.

Иш-чаранын аягында “Кыргыздар” 40 томдук китеби коомдук жана илим ишмерлерине белек катары берилди.

Пикир

Оставить комментарий