Кыргызстан пробация системасы боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 13.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстан пробация системасы боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга кызыкдар. Бул тууралуу юстиция министри Аяз Баетов Бишкекте өтүп жаткан пробация боюнча эл аралык форумда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын Пробация департаменти эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууга жана пробация мекемесин эл аралык стандарттарга, алдыңкы европалык тажрыйбага ылайык келтирүү максатын көздөйт.

"Кыргызстан башка өлкөлөр, уюмдар жана мекемелер менен өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө кызыкдар. Анын ичинде адам укуктары жаатында европалык стандарттарды алдыга жылдырган Европалык пробация конфедерациясы менен алаканы арттыруу иштерин жүргүзөт. Мындан ары аткарыла турган иштерди илгерилетүүгө Юстиция министрлиги менен Европалык пробация конфедерациясынын бүгүнкү кол койгон меморандуму кызматташууну дагы да өнүктүрөт деп эсептейбиз жана маанилүү кадам экендигин айтабыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, Бишкекте эки күнгө созулган пробация боюнча эл аралык форум өтүүдө. Иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин делегациялары жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Пикир

Оставить комментарий