Кыргызстан Right to Information глобалдык индексинде өз рейтингин жакшыртты

Коом 0

Бишкек, 11.06.24. /Кабар/. Кыргызстан Right to Information (маалыматка жетүү) глобалдык индексинде өз рейтингин 36-орунга чейин жакшыртты, мурда 150 өлкөнүн ичинен 64-орунда болчу.

Юстиция министрлигинен билдиришкнедей, мындай жыйынтыкка Жогорку Кеңешке сунушталган "Маалымат алуу укугу жөнүндө" мыйзамынын күчүнө киришинин аркасында жетишилди.

Белгиленгендей, бул индекс мамлекеттик органдарда сакталган маалыматка жетүүнү камсыз кылуу үчүн улуттук укуктук алкактардын күчүн баалоону жүзөгө ашырат.

RTI индекси эл аралык уюмдар, маалымат адвокаттары, реформаторлор жана мыйзам чыгаруучулар үчүн негизги курал болуп саналат, бул ар кайсы өлкөлөрдөгү ачык-айкындуулуктун жана маалымат эркиндигинин деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет.

Бул индекстеги баалоо жети негизги категория боюнча укуктук базаны талдоого негизделген: жеткиликтүүлүк укугу, маалыматтын көлөмү, суроо-талап жол-жоболору, четтетүүлөр жана баш тартуулар, апелляциялар, санкциялар жана коргоо жана илгерилетүү чаралары.

Системада бардыгы болуп 61 индикатор колдонулат, максималдуу мүмкүн болгон балл 150. Кыргызстан 36-орунду ээлөө менен маалыматка жетүү укугун камсыз кылуу үчүн салыштырмалуу күчтүү укуктук базаны көрсөтүүдө, бирок айрым категорияларда жакшыртууга орун бар.

Бул индекс жөнүндө кошумча маалымат Centre for Law and Democracy сайтында жеткиликтүү.

Пикир

Оставить комментарий