• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстан шайлоодо жаңы технологияларды киргизүү менен башка өлкөлөргө үлгү боло алды – түркиялык байкоочу

Коом 0

Бишкек, 16.11.24. /Кабар/. Кыргызстан шайлоодо жаңы технологияларды киргизди, мында башка мамлекеттер үйрөнө турган нерселер көп. Бул тууралуу Түркиядан келген байкоочу Эсин Айдоган бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында жергиликтүү кеңештерге шайлоонун өзгөчөлүктөрүн тааныштыруу учурунда журналисттерге билдирди.

Ал тааныштыруу учурунда алдыдагы шайлоонун бардык жаңычылдыктарын көргөнүн жана ТМУ шайлоонун мүмкүн болушунча ачык-айкын жана демократиялуу өтүшүнө кызыкдар экенин белгиледи. Ал бул үчүн бардык шарттар бар деп эсептейт.

"Биздин уюм башка боордош өлкөлөрдө, анын ичинде Түркмөнстанда да байкоо жүргүзөт. Кыргызстан добуштарды саноодо жаңы технологияларды колдонуусу менен айырмаланат, бул шайлоо комиссиясынын ишин бир топ жеңилдетет. Түркияда добуштарды саноо кол менен жүргүзүлөт. Муну бизге дагы киргизсе болмок", - деди ал.

БШКнын маалыматы боюнча, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоодо Түркия, Азербайжан, Россия, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Молдова жана Монголиядан эл аралык байкоочулар келишти, эл аралык уюмдардын жана элчиликтердин өкүлдөрү да байкоочу катары катышууда.

Пикир

Оставить комментарий