• 87.45
  • 90.89
  • 0.89

Кыргызстан Сингапурда эл аралык туристтик көргөзмөгө катышууда

Коом 0

Бишкек, 24.10.24. /Кабар/. Кыргызстан Сингапурда “ITB Asia 2024” эл аралык туристтик көргөзмөсүнө катышууда.

Туризм департаментинен билдиришкендей, эл аралык көргөзмөгө баргандардын ичинде “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” ачык акционердик коому жана 9 ата мекендик туристтик бизнес компаниялардын, туристтик операторлор ассоциациясынын өкүлдөрү бар.

Бул иш-чаранын алкагында Туризм департаментинин директору М.Усубалиев Сингапурдун соода жана өнөр жай министрлигине караштуу Туризм советинин аткаруучу директору Оливер Чонг менен жолукту. Анда Кыргызстан менен Сингапурдун ортосундагы туризм боюнча кызматташууну активдештирүү, эки өлкөнүн туристтик ассоциацияларын кызматташуусун жакшыртуу, маркетингдик иш-чаралар, чартердик авиа каттамдар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.

Ошондой эле тараптар туризм тармагындагы жетишкендиктер боюнча пикир алмашты.

Бул иш-чара Финляндия өкмөтү тарабынан каржыланган ПРООНдун "Борбордук Азиядагы соодага көмөк көрсөтүү" долбоорунун колдоосунда өтүүдө.

Пикир

Оставить комментарий