• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте кичи автобустун катышуусу менен жол кырсыгы болуп, 4 адам жабыркады

Коом 0

Бишкек, 05.03.20. /Кабар/. Бүгүн, 5-март күнү саат 14:00дө Бишкектин Бөкөнбаев менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде 2 унаанын катышуусу менен жол кырсыгы болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, №214 каттам боюнча жүргөн кичи автобус менен "Вольво" жол тандабасы кагылышкан.

Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыгынан 4 адам жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий