Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Бүгүн Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги Ташкент шаарындагы Борбор Азия айлана-чөйрөнү жана климаттын өзгөрүшүн изилдөө боюнча университетинде (Жашыл Университет) Эл аралык тоо күнүнө карата бир катар иш-чаралар өткөрдү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, элчилик "Кыргыз Республикасынын Тоо күн тартиби" жана "2023-2027-жылдар аралыгында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттер планы" программасынын көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө презентация өткөрдү.
Аталган иш-чарага Өзбекстандын экология, айлана-чөйрөнү коргоо жана климаттын өзгөрүшү министрлигинин өкүлдөрү, окуу жайдын жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, студенттер, эксперттер жана бир катар өзбек ММКлары катышты.
Элчилик катышуучуларга Кыргызстан тарабынан БУУнун алкагында ырааттуу аракеттер жана тоону туруктуу өнүктүрүү жаатында глобалдык күн тартибин акырындык менен жогорулатууга багытталган чаралар тууралуу маалымат берди.
2000-жылдардын башынан бери Кыргызстан тоо проблемаларына дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруу боюнча активдүү иштерди жүргүзүп келе жатканы жөнүндө баса белгиленди.
Өзбекстан жаратылыш коргоо мекемесинин жана университеттин өкүлдөрү да жооп иретинде сөз сүйлөштү.
Ошондой эле Кыргызстандын тоо демилгелерине жана "2023-2027-жылдар аралыгында тоолуу аймактарды өнүктүрүүнүн беш жылдык иш-аракеттер планын" ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чараларга өзгөчө көңүл бурулду.
Бул иш-чаранын алкагында Элчилик тарабынан тоо темасына арналган сүрөттөрдүн көргөзмөсү да уюштурулду. Сунушталган сүрөттөр Өзбекстандын көркөм сүрөт академиясынын сүрөтчүлөрү тарабынан үстүбүздөгү жылдын жайында Нарын облусуна болгон сапарында тартылган.
Пикир
Оставить комментарий