Кыргызстан ТИМ башчысынын орун басары Бавариянын делегациясы менен жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 01.07.24. /Кабар/. Бүгүн, 1-июлда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Германиянын Бавария Федералдык аймагынын Кам районунун башчысы Франц Лёффлерди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бавария Федералдык аймагы менен кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Тактап айтканда, Айбек Молдогазиев Бавариянын делегациясына Кыргызстан менен билим берүү тармагында жигердүү кызматташууну ишке ашырып, Бавариянын кесиптик окуу жайларында Кыргызстандан келген квалификациялуу кадрларды даярдоодо көрсөтүп жаткан көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле министрдин орун басары Бавария менен экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, кийинки жыйыны 2024-жылдын октябрында Мюнхенде өткөрүлүшү пландалган Кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин потенциалын пайдалануунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий