Бишкек, 20.01.25. /Кабар/. Кыргызстан Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруунун эффективдүүлүгү боюнча ТОП-50 рейтингине кирип, 45-орунду ээледи. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Граве менен жолугушканда билдирди.
Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2030-жылы Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарын ишке ашыруу боюнча 30 мыкты мамлекеттин катарына кирүүгө амбициялуу максаттарды коюуда.
Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, Кыргызстан БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетишүү үчүн өзгөчө маани берет. Мындан улам аткарыла турган пландар өлкөнүн өнүгүүсүнүн улуттук программасына киргизилген.
Пикир
Оставить комментарий