«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ишканасынын филиалдарынын күз-кыш мезгилине даярдыгы текшерилүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.09.20. /Кабар/. «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын комиссиялары компаниянын филиалдарынын алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдыгын текшерүүдө. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Компаниянын филиалдарынын - жогорку чыңалуудагы электр тармактары ишканаларынын 2020-2021-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүгө даярдыгын баалоо боюнча комиссиялардын курамына “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын борбордук аппаратынын жетекчилери жана техникалык адистери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын өкүлдөрү кирди.

Аталган комиссиялар энергетикалык объекттердин, имараттардын, курулмалардын, автоунаалардын капиталдык жана учурдук оңдоо иштерин камтыган күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча пландаштырылган иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын жерине барып текшеришет.

«Бүгүнкү күндө оңдоо иштери аяктоо алдында турат. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тийиштүү актылар түзүлүп, күз-кыш мезгилинен өтүүгө даяр болгондугу жөнүндө паспорттор берилет”, - деп билдирди “Кыргызстан улуттук электр тармагы” ААКтын пайдалануу жана оңдоо департаментинин директору Мурат Дурусалиев.

Пикир

Оставить комментарий