• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Кыргызстан-Өзбекстан футбол беттеши. Бишкекте коомдук тартипти 3 миңдей милиционер камсыздайт

Коом 0

Бишкек, 09.09.24. /Кабар/. Бишкекте өтө турган футбол боюнча Кыргызстан – Өзбекстан беттешинде 3 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Эске салсак, оюн эртең, 10-сентябрда кечки саат 20:00дө Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.

Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга 3 миңдей милиция кызматкерлери тартылат.

Милициядан маалымдашкандай, күйөрмандар стадионго кирерде коопсуздук чараларынын алкагында текшерүүдөн өтүшөт. Мындан улам кезекке турууну түшүнүү менен кабыл алып, стадионго беттеш башталганга эки саат калганда келүү керектиги айтылды.

Ошондой эле стадиондун аймагына айнек жана желим буюмдарды, пиротехникалык каражаттарды алып кирүүгө тыюу салынат.

Пикир

Оставить комментарий