• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

ИИМде Европа биримдигинин өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 07.03.24. /Кабар/. 2024-жылдын 7-мартында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун (АКБ) башкы директору Майкл Шпинделеггер менен жолугушуусу болуп өттү.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар БОМКА-10 программасын ишке ашыруунун учурдагы абалын талкуулашты.

Нурбек Абдиев БОМКА 10 программасынын адам укуктарын коргоо, чек ара кызматташтыгы, транс чек аралык кылмыштарды иликтөө, мыйзамсыз миграция жана адам сатууга каршы күрөшүүдөгү өзгөчө салымын белгиледи.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө БОМКА 10 Евробиримдик тарабынан каржылаган аймактагы алдыңкы жана эң ири Программа болуп саналат.

2003-жылы ишке киргизилгенден бери БОМКА 10 программасынын ар кандай фазалары потенциалды арттырууга жана институционалдык өнүгүүгө, соода коридорлорун өнүктүрүүгө жана сооданы жеңилдетүүгө, чек араларды башкаруу системасын жакшыртууга, ошондой эле Борбордук Азия аймагында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүн четтетүүгө багытталган. БОМКАнын ар бир жаңы фазасы мурунку жетишкендиктерди эске алуу жана мурунку этаптардын натыйжаларын бекемдөө менен иштелип чыккан.

БОМКА-10 чек араларды комплекстүү башкаруу аркылуу туруктуу экономикалык өнүгүүгө көмөктөшүү аркылуу аймактагы коопсуздукту жана туруктуулукту жогорулатууга багытталган.

Учурдагы этап ошондой эле чек ара кызматташтыгын колдойт жана Борбордук Азиянын чек ара аймактарында жашаган адамдардын жашоо шартын жакшыртууга багытталат.

Пикир

Оставить комментарий