Кыргызстан-Өзбекстан кызматташтыгы бекемделет

Саясат 0

Ташкент, 13-июльөлөнбай Курбанов – Кабар/. Министрдин орун басары Курсан Асанов баштаган Кыргызстандын ИИМ делегациясы 10-12-июлда Өзбекстанда иш сапары менен болду. Бул тууралуу КРнын Ташкенттеги элчилиги билдирди.

Кыргыз делегациясы Өзбекстандын ички иштер министринин орун басары Акромхон Бобохонов жана Ташкент ШИИБ жетекчилиги менен эки жактуу актуалдуу маселелерди талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки жактуу кызматташуунун жаңы келишимин иштеп чыгууну макулдашышты.

Сапардын алкагында меймандар Өзбекстандын ички иштер органдарынын ишмердиги менен таанышышты.

Бул сапар Самаркандда жана Астанада КР менен ӨР президенттеринин жолугушууларында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий