Кыргызстан Өзбекстан менен Казакстандан 1,6 млрд кВт/саат электр энергиясын алып, бөлүп кайтарат

Экономика 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Бишкектеги маалымат жыйынында КР энергетика жана өнөр жай министрлигинин Электр энергетика башкармалыгынын башчысы Марат Жээнбеков өлкө аз суунун шартында алдыдагы жылытуу-кыш мезгилинен кантип ийгиликтүү өтүүнү пландап жатканын айтып берди.

Анын айтымында, өлкөнүн калкын жана экономиканы электр энергея менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатында ГЭСтерде жана ЖЭБдерде электр энергиясын иштеп чыгуу жүрүп жатат.

«Мындан тышкары, биз Өзбекстан жана Казакстан менен товар алмашуу тууралуу протоколго кол койгонбуз. Ага ылайык, Казакстандан 900 млн кВт/саат жана Өзбекстандан 750 млн кВт/саат электр энергиясын алабыз. 2021-жылы биз Казакстандан 900 млн кВт/саат электр энергиясын алып, 2023-жылга чейин жылына 300 млн кВт/саат берип кайтарабыз. Бул жылы Өзбекстандан 500 млн кВт/саат жана 2022-жылы 250 млн кВт/саат алып, кайра 2023-жылга чейин 250 млн кВт/сааттан кайтарып беребиз»,-деди ал.

Ал электр каатчылыгынан чыгуунун жолу бар экендигин жана бул бардык керектөөчүлөрдүн милдети экенин белгилеп, колдо болгон ресурстарды натыйжалуу пайдаланууга чакырды.

Пикир

Оставить комментарий