• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан Өзбекстандын "Термез" соода борборунан павильон сатып алат

Экономика 0

Бишкек, 12.11.24. /Кабар/. Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлигинин Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен Өзбекстандын эл аралык "Термез" эл аралык соода борборунда соода павильонун сатып алуу келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти.

Тиешелүү келишимге Экономика жана коммерция министрлигинин жана "Термез" ЭСБнын башкаруучу компаниясынын Termez International Trade Centre ЖЧКсынын өкүлдөрү кол коюшту.

Кыргызстан үчүн павильонду сатып алуу – бул Өзбекстан менен Афганистандын рыногунда позицияларды бекемдөө, ата мекендик продукциянын экспортун кеңейтүү жана жаңы рынок менен түз байланыштарды түзүү үчүн стратегиялык мүмкүнчүлүк. Анын ичинде:

  • кыргыз продукциясынын, анын ичинде айыл чарба жана өнөр жай товарларынын экспортун көбөйтүүгө;
  • Афганистандагы жана коңшу өлкөлөрдөгү бизнес-өнөктөштөр менен түздөн-түз өз ара аракеттенүү, өз кезегинде бул жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кыргызстандын региондогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга;
  • атамекендик ишкерлер үчүн Борбордук Азия регионунун экономикалык потенциалын пайдаланууга жаңы перспективаларды ачат.

Маалымат үчүн: "Термез" ЭСБ - бул Борбор Азиядагы эң маанилүү соода жолдорунун кошулган жеринде жайгашкан негизги түйүн, ал аркылуу Өзбекстан менен Ооганстандын ортосунда товарлардын көлөмдүү агымы өтөт.

Пикир

Оставить комментарий