• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстан Өзбекстанга ичүүчү суу экспорттой баштайт

Экономика 0

Бишкек, 17.12.24. /Кабар/. Кыргызстандан Өзбекстанга ичүүчү суу экспорттоо боюнча узак мөөнөттүү келишимдер түзүлдү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын ичүүчү суу өндүрүүчү "НАК" ЖЧКсы Өзбекстандын GARNETGROUP жана MAGIC GALAXY компаниялары менен Crystal брендиндеги суусун жеткирүү боюнча узак мөөнөттүү эки келишимге кол койду.

Бул келишимдер 2024-жылдын 16-17-декабрында КР Экономика министрлигинин Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү уюштурган эки күндүк программанын алкагында түзүлдү.

Программанын алкагында B2B жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өтүп, тараптар кызматташуунун шарттарын талкуулашты жана өз ара пайдалуу макулдашууга жетишти.

Бул келишимдер Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты чыңдап, өлкөнүн экспорттук потенциалын кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Пикир

Оставить комментарий