• 87.45
  • 90.6
  • 0.86

Кыргызстан Өзбекстанга сүт, балык жана картошка экспортун көбөйтөт

Экономика 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Кыргызстанда эт, сүт, картошканы кайра иштетүү жана балык азыктарын өндүрүү боюнча жаңы агроөнөр жай ишканасы ачылат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, Өзбекстанда аталган продукцияларга суроо-талап жогору.

“Өзбекстанга экспорттоого мүмкүн болгон продукциялар: эт, сүт, картошка, жана балык азыктары боюнча жаңы агроөнөр жай ишканасы ишке кирет. Алар суроо-талапка ээ. Агроөнөр жай комплексинин бул багыттарын да каржылоого даярдык көрүүдөбүз”, - деди Аалиев.

Пикир

Оставить комментарий