• 86.5
  • 90.34
  • 0.85

Кыргызстан жана Армения эми бири-бири тууралуу көбүрөөк биле башташат

Коом 0

Бостери, 06.09.18. /Кабар/. Бүгүн КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин жыйынынын жыйынтыгы боюнча “Кабар” жана “Арменпресс” маалымат агенттиктеринин ортосунда кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюлду.

Документке “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин директору Кубанычбек Таабалдиев жана “Арменпресстин” аткаруучу директору Арам Ананян кол коюшту.

Армян ЖМКнын аткаруучу директору Арам Ананян эки агенттиктин ортосундагы кызматташтыктын эски тарыхы бар экендигин билдирди.

“Макулдашууга кол коюу менен биз 10 жылдан бери уланып келе жаткан кызматташтыкты формалдаштырдык. Биз өлкөлөрүбүз окшош интеграциялык түзүмдө болгону сыяктуу жалпы маалыматтык уюмдарда барбыз. Документке кол коюу маалымат алмашууга жаңы импульс берди”, - деди ал.

Ананян маалымат менен алмашууну активдештирүүдө ЖМКлар окурмандардын жаңы мууну пайда болуп турарын эске алышы керек.

“Өлкөбүздө эмне болуп жатканы тууралуу кабардар кылып туруу үчүн дайыма жаңы муун пайда болуп турат. Бул алмашуунун туруктуу болушу маанилүү. Дайыма маданият, каада-салттар жана башка нерселер тууралуу айтып туруу керек”, - деп кошумчалады ал.

“Арменпресстин” аткаруучу директору билдиргендей, макулдашуу эки өлкөнүн ортосундагы маалыматтык алмашууну күчөтүү муктаждыгы тууралуу кызыктуу эскертме болду.

“Макулдашуу Кыргызстандагылар Армения жөнүндө, Арменияда Кыргызстан жөнүндө көбүрөөк билүүгө түрткү болот”, - деп жыйынтыктады ал.

Ошондой эле ал мамлекеттик маалымат агенттиктеринин өнүгүү перспективаларын чагылдарган маселелер каралган кеңешменин отурумунун маанилүүлүгүн белгиледи.

КМШ өлкөлөрүнүн кезектеги XXV мамлекеттик маалымат агенттиктеринин жетекчилер кеңешинин отуруму бүгүн Ысык-Көлдө өттү. Жолугушууну “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги уюштурду.

Отурумдун жүрүшүндө КМШдагы Маданият жылынын алкагында аталган ЖМКлардын ички туризмдеги ролу, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырууда “Кабар” агенттигинин жумушу, КМШнын аткаруу комитетинин шериктештиктин өлкөлөрүнүн ортосундагы маалымат алмашуу тармагындагы ишмердүүлүгү, 2018-2019-жылдарда болгон аймактагы маанилүү окуялар тууралуу темалар талкууланды.

Отурумга “Кабар” КУМАнын директору Кубанычбек Таабалдиев жана Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, ТАСС агенттигинин башкы директорунун биринчи орун басары Михаил Калмыков, ТАССтын КМШ жана Балтия секторунун жетекчиси Борис Грушин, “АЗЕРТАДЖ” Азербайжан мамлекеттик маалымат агенттигинин башкы директорунун орун басары Назим Хидиров, “Арменпресс” маалымат агенттигинин аткаруучу директору Арам Ананаян, Белоруссиянын “БелТа” телеграф агенттигинин башкы директору Ирина Акулович, “Казинформ” эл аралык маалымат агенттигинин башкы директору Аскар Умаров катышты.

Пикир

Оставить комментарий