Бишкек, 06.12.24. /Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Касым-Жомарт Токаев Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, бекем ден соолук, түгөнгүс энергия, ал эми боордош Кыргызстан элине бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүү каалады.
Баарлашуунун жүрүшүндө мамлекет башчылары эки тараптуу мамилелердин негизги маселелерин да талкуулап, Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштыкты чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилешти.
Пикир
Оставить комментарий