• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Атамбаев президенттик кызматындагы башкы миссиясын атады

Президент 0

Бишкек, 31.08.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. “Кыргызстан көз карандысыз мамлекет катары калыптанды. Биз экономикалык өнүгүүнүн пайдубалын тургуздук. Мен муну президенттик кызматымдын башкы миссиясы катары эсептейм”, - деп билдирди өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Көз карандысыздыгынын 26 жылдыгына карата куттуктоо сөзүндө.

Ал эми өлкөнүн кийинки президенттери гүлдөгөн мамлекетти тургуза алышарын билдирди.

“Жаңы президенттин ролу өлкөнү өнүктүрүүнүн стратегиялык алкагында улуттук кайра жаралуунун жаңы процессин улантууда турат. Бул, албетте, коомдук биримдикти, биргелешкен эмгекти, ар бирибизден тартип жана жоопкерчиликти талап кылат”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий