• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ошто кайненесинин өлүмүнө шектүү келин 2 айга камалды

Аймак 0

Бишкек, 31.08.17 /Кабар/. Ошто кайненесинин башын кескилеп өлтүрдү деген шек менен кармалган келини жана анын бир тууган эжеси эки айга камалды. Мындай чечим 30-августта Ош шаардык соту тарабынан чыккан. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Эске сала кетсек, 28-августта, саат 10:00 чамасында Ош Мамлекеттик социалдык университетинин маңдайындагы таштанды челектен “Ош-Тазалык” ишканасынын кызматкерлери болжол менен 40-45 жаштагы башы кесилген аялдын денесин таап чыгышкан.

Кийинчерээк окуяга шектүү катары маркумдун 25 жаштагы келини жана анын 37 жаштагы эжеси кармалган.

Пикир

Оставить комментарий