• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Кыргызстан жана Кытай укуктук кызматташтык жаатындагы макулдашууга кол койду

Коом 0

Бишкек,24.07.24. /Кабар/. Кыргызстандын башкы прокурору Максат Асаналиев Кытайдын жогорку элдик прокурору Ин Юн менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

КР башкы көзөмөл органынан билдиришкендей, жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн башкы прокурорлорунун 22-отурумунун алкагында өтүп, анда Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Кытайдын Жогорку Элдик прокуратурасынын ортосунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду.

Келишим эки өлкөнүн ортосундагы укуктук кызматташтык, тажрыйба жана маалымат алмашуу жаатында өз ара аракеттешүүнү бекемдөөгө жана эл аралык кылмыштуулукка каршы биргелешип күрөшүүгө багытталган.

Максат Асаналиев эки мамлекеттин көзөмөл органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн бул макулдашуунун маанилүүлүгүн белгилеп, кытайлык кесиптештер менен кызматташуу трансулуттук кылмыштарга каршы күрөшүүдө жана жарандардын укуктарын коргоодо жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын кошумчаладлы.

Кытайдын Жогорку Элдик прокуратурасы макулдашуунун жоболорун ишке ашырууга, анын ичинде эки өлкөнүн прокуратура кызматкерлери үчүн биргелешкен иш-чараларды жана окутуу программаларын өткөрүүгө активдүү катышуу ниетин билдирди.

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы менен Кытайдын Жогорку Элдик прокуратурасынын ортосундагы кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлушу эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын жана достук мамилелердин укуктук базасын чыңдоодогу олуттуу кадам болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий