• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте баңгизатты үйүндө өстүргөн деген шек менен эркек киши кармалды

Коом 0

Бишкек, 31.01.22. /Кабар/. Бишкекте баңгизатты үйүндө өстүргөн деген шек менен эркек киши кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, 29-январда болжол менен саат 18:30да “102” кызматына Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде үй-бүлөлүк чыр-чатак болуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаган. Анда 57 жаштагы Б.К. аттуу аял өзүнүн баласы ызы-чуу салганын, ошондой эле ал үйдө баңгизат өңдүү чөптөрдү өстүрүп жатканын билдирген.

Кайгуул кызматкерлери тарабынан текшерүү учурда М.Р. аттуу жаран беш чакада баңгизат сымал каражаттарды өстүрүп жаткандыгы аныкталган.

М.Р. аттуу шектүү Биринчи май райондук милициясына андан ары чара көрүү үчүн жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Пикир

Оставить комментарий