Кыргызстан жана Татарстан өз ара Маданият күндөрүн өткөрөт

Маданият 0

Бишкек, 21.02.24./Кабар/. Кыргызстан жана Татарстан 2024-2025-жылдары өз ара Маданият күндөрүн өткөрөт. Бул тууралуу Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун жолугушуусу учурунда белгилүү болду.

Садыр Жапаров жана Рустам Минниханов Кыргызстан жана Татарстан элдеринин ортосунда маданий алакаларды чыңдоо, спорт жана маданият жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгү тууралуу бирдиктүү пикирлерин билдиришти.

Жолугушуу «Келечек оюндары» биринчи эл аралык мультиспорттук мелдешинин алкагында өттү. Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки жактуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө тийиштүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий