• 87
  • 90.41
  • 0.84

Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Афганистан элине гумжардам жөнөтөт

Коом 0

Бишкек, 27.11.23. /Кабар/. Кыргызстан жер титирөөдөн жабыркаган Афганистан элине гуманитардык жардам көрсөтөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өлкө башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен министрлик тарабынан жакынкы күндөрдө Афганистанга 100 тонна азык-түлүк түрүндөгү, тагырагы 75 тонна ун, 20 тонна кумшекер, 5 тонна суумай жана 500 керебет, 500 жууркан, 500 төшөк жеткирилет.

Ошондой эле Эл аралык жарандык коргонуу уюму тарабынан бөлүнгөн 1 млн сомго аялдар жана балдарга кышкы кийим-кече, бут кийим, оюнчук, таттуу азыктары, гигиеналык каражаттар алынды.

Эске салсак, 2023-жылдын 7-октябрында Афганистандын Герат шаарынын түндүк-батыш тарабында очогунда күчү 6,3 балл болгон жер титирөө катталган. Афганистандын табигый кырсыктар министрлигинин өкүлүнүн расмий маалыматына ылайык, жер титрөөдөн 2 миңден ашуун адам каза болуп, 9 мин 240 адам жараткат алып, 1 миң 300дөн ашуун турак жай жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий