• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ноокат районунда 120 орундуу жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 27.11.23./Кабар/. Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кашкалдак айылында 120 орундуу бала бакча курулду. Бул тууралуу Мамкурулуштан билдиришти.

Аталган объекттин курулушу 2015-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Бала бакчанын имараты 2 блоктон турат, жалпы аянты 1281,6 чарчы метрин түзөт.

Долбоорго ылайык, бакчада балдар үчүн уктоочу бөлмөлөр, ашкана, музыкалык бөлмө, гимнастика менен машыгуу залы, дарылоо кабинети каралган.

Бүгүнкү күндө эмерек жана техникалык жабдуулары толук орнотулуп, курулуш-монтаждоо жумуштары толугу менен бүткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий