Кыргызстанда 1-класска электрондук каттоонун II этабы башталды

Билим 0

Бишкек, 03.06.24. /Кабар/. Бүгүн балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун II этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.

Белгиленгендей, II этаптын биринки күнү саат 12:30га карата 9 миң 628 бала катталды. Ал эми 8-апрелден 2-июнга чейин жүргүзүлгөн электрондук каттоонун I этабында 70 миң 16 бала катталган.

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:

1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.

2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

6. А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

7. №62 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

8. № 37 мектеп-гимназия.

9. Чыңгыз Айтматов атындагы №63 мектеп-гимназия.

10. Низами Гянджеви атындагы №103 жалпы орто билим берүү мектеби.

11. Аалы Токомбаев атындагы №24 мектеп-гимназия.

12. Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекси.

13. №33 мектеп-гимназия.

14. Райкан Шүкүрбеков атындагы №38 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.

15. №100 жалпы орто билим берүү мектеби.

Эскерте кетсек, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүрөт.

Ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) балдарды 1-класска онлайн режиминде mektep.edu.gov.kg платформасында мектеп жашына жеткен баланы (6-7 жаш) каттайт.

Пикир

Оставить комментарий