• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстанда 10,6 миңден ашык дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди

Экономика 0

Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Кыргызстанда "Айыл чарбасын каржылоо -12" долбоору боюнча 14-ноябрга карата 10 миң 609 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, насыялоонун жалпы көлөмү 4 млрд 214 млн 630 миң сомду түздү.

Ошентип, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 468 млн 140 миң сомго 1 413 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК – 227 млн 410 миң сомго 700 насыя;
  • "Элдик Банк" ААК – 240 млн 730 миң сомго 713 насыя.

Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 3 млрд 746 млн 489 миң сомго 9 196 насыя берилди, анын ичинен банктар боюнча алганда:

  • "Айыл Банк" ААК – 1 млрд 802 млн 899 миң сомго 4 487 насыя;
  • "Элдик Банк" ААК – 1 млрд 943 млн 590 миң сомго 4 709 насыя.

Пикир

Оставить комментарий