• 87.45
  • 90.05
  • 0.85

Кыргызстанда 10 миңден ашык жаран акысыз укуктук жардам алды

Коом 0

Бишкек, 13.12.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Кыргызстанда укуктук жардам берүү декадасында 10 миңден ашык жаранга акысыз юридикалык кеп-кеңеш берилди. Бул тууралуу юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 2-декабрдан 11-декабрга чейин Юстиция министрлигинин Юридикалык жардам кызматы укуктук жардам берүү иш-чарасын өткөрдү.

Декаданын алкагында жалпысынан 10 миң 593 жаранга акысыз юридикалык кеп-кеңештер берилди. Алардын ичинен аялдар – 5910, эркектер – 4683.

Аймактар боюнча бөлүп карай турган болсок:

Бишкек шаары – 1803;
Чүй облусу – 1085;
Талас облусу – 627;
Жалал-Абад облусу – 2451;
Баткен облусу – 701;
Ош облусу – 2765;
Ысык-Көл облусу – 529;
Нарын облусу – 632.

Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык жардам кызматынын төрагасы Акжол Калбеков белгилегендей, укуктук кеп-кеңештерди берүү кампаниясында жарандардан документтештирүү, жер, үй-бүлөлүк маселелер, социалдык камсыздоо боюнча суроолор көп келип түштү.

“Декаданын алкагында 62 жаранга, анын ичинен 13 балага юридикалык жардам көрсөтүлдү. Алардын 24ү эркек, 38и аял. Кайрылгандардын 80 пайыздайы үй-бүлөлүк укукка байланышкан суроолорду беришкен. Укуктук жардам алуу үчүн кайрылгандардын саны 2023-жылга салыштырмалуу эки эсеге көбөйгөнү байкалды”, - деди ал.

Ошондой эле декадада түзөтүү мекемелерине мобилдик чыгуулар уюштурулду. Акжол Калбеков 210 жаранга акысыз юридикалык жардам көрсөтүлгөнүн, укук коргоочуларды дайындоо боюнча 114 арыз кабыл алынганын айтты. Мындан тышкары, жогорку окуу жайларда адам укуктары жана акысыз юридикалык жардам тууралуу семинарлар, лекциялар, мектептерде “Менин укугум” темасында сынактар өткөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий